Марал Радиосу

Кейлор Навас «Реалдан» кетет

Испаниялык «Реал Мадриддин» дарбазачысы Кейлор Навас сезон бүтөрү менен клубдан кетет. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, Мадрид клубу 32 жаштагы футболчу менен 2020-жылга чейин түзүлгөн келишимди бузарын билдирген.

Навас 2014-жылдан бери «Реал» үчүн  ойноп келет. «Падышалар» клубунун катарында Кейлор Навас Испания биринчилигин жана үч ирет Чемпиондор Лигасын уткан.

Бул сезондо Коста-Рикалык футболчу «Реал Мадриддин» дарбазасын жалпысынан 20 оюнда коргоп, 19 топ өткөрүп жиберген.