Марал Радиосу

Ички мигранттарды жөлөк пул менен камсыздаган ченем киргизилүүдө

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жана министрликтин кызматкерлери, «Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөчү жумушчу топтун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы Ак-Бата жана Ак-Жар конушунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда Бишкек шаарынын бир да районуна расмий карабаган жаңы конуштарда, дачаларда жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекеттик жөлөк пулдарды алууга мүмкүнчүлүгү жоктугу белгиленди.

Министр Улукбек Кочкоров учурда аймактык-административдик бирдик катары статусу жок аймакта (жаңы конушта, калктуу конушта), дача участогунда жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана эмгекке жарамсыз адамдардын бардыгын максималдуу түрдө мамлекеттик жөлөк пулдар менен камсыздоо максатында Өкмөттүн долбоору министрлик тарабынан иштелип чыккандыгын билдирди.

«Көбүнчө калктын аялуу катмары — ички миграцияда жүргөн жарандар жаңы конуштарда жашайт. Алар жашаган жери боюнча каттоого тура алышпайт жана белгилүү бир аймакта жашагандыгын тастыктоочу документ көрсөтө алышпайт. Бул нерсе аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мамлекеттик колдоого алынуусуна тоскоол болууда. Буга байланыштуу биз биринчи кезекте ички мигранттарды жөлөк пул менен камсыз кылган ченемди киргизип жатабыз», — дейт ал.

Ушундай эле жолугушуу бүгүн, 14-майда Свердлов районунун Дордой конушунда жана Биринчи май районунун Мурас конушунда да өтөт.