Марал Радиосу

Капиталдык оңдоо боюнча бюджетке 118 млн сом зыян келтирилди

Эсептөө палатасы Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2017-жылы капиталдык оңдоого бөлүнгөн каражатты пайдаланышын текшерди. Анын жыйынтыгында, Финансы министрлиги каражатты бөлүүдө мыйзам бузулгандыгы жана келишимде каралбаган алдын ала төлөөлөр болгондугу аныкталды.

Капиталдык курулуш боюнча облустук башкармалыктар 97 объектиде 60 млн. сомго иштин баасын жогорулатышкан.

Мамлекеттик тарых музейин оңдоону долбоорлоодо сметалык документи жок, иштин суммасы жана мөөнөтү аныкталбаган компания тандалган. 562,6 миң еврого музейдин концепциясына туура келбеген жабдыктар коюлган.

Сырттан алып келинген материалдар Кыргызстандагы баадан 3,8 млн. сомго жогору баада келген.

Эсептөө палатасы Тарых музейин капиталдык оңдоодон өткөрүү жана Баткен облусундагы мектептин курулушу боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдарын күч органдарына өткөрүп берди.

Бюджеттин акчасын мыйзамсыз пайдалануудан 118 млн. 215 миң 200 сом зыян келтирилди.