Марал Радиосу

Бүгүн Балыкчы шаарына мэр шайланат

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри шайланат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мэрлик кызматка «Кыргызстан» фракциясы көрсөткөн Мирбек Шакиров менен «Замандаш» партиясы сунуштаган Марат Кудайбергенов ат салышат.

Балыкчы шаарынын буга чейинки мэри Алмаз Мамбетов 19-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматына төрага болуп дайындалган.