Connect with us

«Унааларды техкароодон жеке менчик ишканалар өткөрүшү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Май 2019 | 952 | 0

Унааларды техникалык кароодон жеке менчик ишканалар өткөрүшү зарыл. Анткени, мындай борбордун ар бирине 80 миң доллар каражат сарпталат. Талаптарга жооп берген 30-50 миң долларлык жаңы жабдыктар сатылып алынат. Ошондуктан, бул иш мамлекет үчүн оор болот. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын техникалык кароо борборлорунун Ассоциациясынын президенти Сатан Асылбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү каражат чогултуунун жолу болбойт.

Техникалык кароонун баасы Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн арасында Кыргызстанда эң арзан. Жеңил унаалар 550 сомдон башталса, оор жүк ташуучу унаалар үчүн 1000 сом. Баалар унаанын кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша аныкталат.

«Унаадан чыккан түтүндү көзөмөлгө алуу үчүн техникалык кароону милдеттүү түрдө киргизүү зарыл. Эгер унаа техникалык кароодон өтпөй калса, тетиктерди, тормоз системасын оңдоп, катализатору жок болсо коюп келет да, кайра текшерүүдөн өтөт. Ал эми заводдон жаңы чыккан унаа 3 жылга чейин техникалык кароодон өтпөйт. Учурда биримдик тарабынан даярдыктарды көрүп жатабыз. Техникалык кароодон өткөрүүдө видеокөзөмөл киргизип, Финансы министрлигинен 1.5 млн. сомго видеокөзөмөлдөрдүн базасын түзүү сунушу болуп жатат», — дейт Асылбеков.

Ал белгилегендей, ЕАЭБге кирген өлкөлөрдө унаалар милдеттүү түрдө, ал эми Кыргызстанда таксилер, кичи автобустар, автобустар гана техникалык кароодон өтөт. Күйүүчү май, жарандарды ташыган транспорт каражаттары жылына 2 жолу техникалык кароодон өтөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM