Марал Радиосу

Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү мыйзамга Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 4-апрелде кабыл алынган. Аталган мыйзамдын максаты: Кыргызстандагы эркин экономикалык зоналардагы салык режими боюнча салыктык укук мамилелерин жөнгө салууну жакшыртуу болуп саналат.

 

Exit mobile version