Биз менен байланышыңыз

Бөрүбашев: Түрк элчисинин сөзү эки өлкөнүн ымаласына доо кетирбеши керек

Күн чекит | 13 мая 2019 | 790 | 1

Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыраттын Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгына нааразы болгон тасмасы интернетке тарап чуу жаратууда. Видео тасмадагы «Түркия 35 миллион долларлык мечит салып берсе, бизге жасаган мамилеңер ушулбу?», — деген сөздөр коомчулукта резонанс жаратты. Социалдык тармактын колдонуучуларынын айрымдары «Түркиянын элчиси кыргыз элинен кечирим сурашы керек» дешсе, айрымдары элчини чакыртып алуу тууралуу да айтышууда. Бул маселе боюнча юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев менен маек курдук.

Марал: — Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин аракети ушул тапта катуу талкуу жаратып жатат, негизи ооз ачар учурунда элчинин чыр чыгарып чыгып кеткени канчалык туура деп ойлойсуз?

Бөрүбашев: — Эгер юридикалык жагын карай турган болсок, муфтият — мамлекеттик орган эмес. А элчилик — мамлекеттик орган. Ал муфтияттын эмес, Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси. Муфтият ооч ачарга элчини же башка конокторду жөн эле чакырды, алар да жөн эле келишти. Ошондуктан, түрк элчисинин мамлекеттик деңгээлдеги маселени муфтиятка айтканы туура эмес деп ойлойм. Тышкы иштер боюнча саясат жүргүзгөн мамлекеттик органдарды муфтият менен аралаштыруу туура эмес.

Марал: — Ошол эле учурда элчи Түркиянын 35 млн. долларга мечит салдык деп, берген жардамын бетке кармап кекеткени туурабы?

Бөрүбашев: — Биринчиден, Кыргыз Республикасы «Мечит куруп бер», — деп суранса, ошондо гана «Биз силерге мечит куруп бердик», — деп айтса болот. Негизи бизде дин менен саясат аралашып, өлкөдө башаламан болуп кетти. Бирок элчинин берилген жардамды кайра милдет кылганы туура эмес болуп калды.

Марал: — Бул маселе коомчулукта чоң талкууну жаратып жатат, мамлекет буга кандай реакция кылышы керек? Мисалы, коомчулукта элчини чакыртып алышы керек деген пикирлер да айтылып жатат…

Бөрүбашев: — Түркиянын элчиси мамлекеттин чакыруусуна эмес, муфтияттын чакыруусуна барды. Муну мамлекеттик деңгээлге чыгарбашы керек. Ошол эле учурда, элчи таарынычын муфтиятка айтсын. Экинчиден, «Гүлен» маселеси — Түркиянын ички маселеси. Аны бизге жабыштырыштын кажети жок. Негизи өзүбүз диний иштерди мамлекетке аралаштырып койдук, бул таптакыр туура эмес. Ошондуктан дин боюнча концепциябызды кайра карап чыгышыбыз керек. Мындан тышкары, түрк элчисинин айткан сөздөрү иликтенип, ал мамлекеттик ымалага таасирин тийгизбеши керек.

Copyright © 2017 Maral FM