Марал Радиосу

«Инфокомдун» директору Талант Абдуллаев үй камагына чыгарылды

«Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Талант Абдуллаевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен мамлекеттик айыптоочу кайрылган. Сот анын өтүнүчүн канаттандырып, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директорун үй камагына чыгарган.

Эске салсак, 26-февралда паспортторду сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерден мамлекеттик бюджетке 253 млн. 377 миң сомдук зыян келтирилген. Буга айыпталып Мамлекеттик каттоо кызматынын жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчилери 16-апрелде камакка алынган болчу.

 

Exit mobile version