Марал Радиосу

Жээнбеков Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-майда өлкөнүн Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик органдарда жана укук коргоо тутумдарында мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча 2018-жылы жана ушул жылдын 1-кварталындагы прокуратура органдарынын күндөлүк ишмердиги жөнүндө маселелер талкууланды.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы жана ушул жылдын 30-январындагы чечимдерин аткаруу, Президентке караштуу Сот реформасы боюнча кеңештин 2018-жылдын 17-майындагы жана 27-декабрдагы чечимдерин жана  «Сот реформасын жүргүзүүнүн алкагында көрүлүп жаткан айрым чаралар жөнүндө» президенттин 2018-жылдын 22-майындагы жарлыгын ишке ашыруу боюнча маалымат берди.

Сооронбай Жээнбеков мындан ары да мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү күчөтүүнүн, ошондой эле, жаңы жазык-укуктук мыйзамдарда көрсөтүлгөн чараларды толук ишке ашыруунун маанилүү экенин белгиледи.

Exit mobile version