Марал Радиосу

Оштун четиндеги жаңы конуштарга жол салынып, шагыл төшөлө баштады

Ош шаарынын четиндеги 222-кварталдын 6-көчөсү менен 8-көчөсүнө шагыл төшөө иштери толук аяктады. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Жаңы конуштун жолуна шагыл төшөө боюнча шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун протоколдук тапшырмасы берилген.

1, 3 чакырым узундуктагы эки көчөгө шагыл төшөө 11-майда аяктады. Калаа башчысы шаар четиндеги жаңы конуштардагы көйгөйлөрдү бир четинен чечүү аракеттери көрүлөрүн билдирген.