Марал Радиосу

Жапонияда дүйнөдөгү эң узун селкинчек орнотулду

Жапониянын Китакүсү шаарында узундугу 163 метрлик көп орундуу селкинчек орнотулду. Селкинчекти бир убакта 100 адам тебе алат. Ал Гиннестин рекорддор китебинде эң узун селкинчек катары катталды. Гиннес китебинин өкүлдөрү селкинчектин узундугун өлчөшүп, дүйнө боюнча эң узун экендигин аныкташкан.

Буга чейинки селкинчек бузулган соң, шаар тургундары жаңысын куруп берүүнү суранып, акимге кайрылышкан. Бул максатта шаар башчысы 120 миллион иен (77 млн. сом) бөлгөн. Мурунку рекордду Нидерландия паркындагы селкинчек койгон эле. Анын узундугу 133 метр болгон.