Марал Радиосу

Кадыр түн качан болору айтылды

Муфтият Рамазан айындагы Кадыр түндүн болжолдуу күнүн аныктады. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл Кадыр түн болжол менен 31-майдан 1-июнга караган түнгө туш келет. Эреже боюнча Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү өтөт.

Бул күн май айынын аягында дагы тактала турганын муфтият кошумчалайт.