Марал Радиосу

«Күйүүчү май рыногундагы аткезчиликти коопсуздук кеңешинде кароо зарыл»

Күйүүчү май рыногундагы аткезчилик маселесин коопсуздук кеңешинин жыйынына алып чыгып, чекит коюу зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Эл өкүлү дүйнө коомчулугунда күйүүчү майдын баасы төмөндөсө да, Кыргызстанда арзандабай жатканына аткезчилик себеп болууда дейт.

«Бизнестин кызыкчылыгы болгон жерде чиновниктердин, бажычылардын да кызыкчылыгы болот. Мурда Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жетекчисин алмаштырганда, бензиндин баасы төмөндөгөн. Тилекке каршы, учурда мындай иштер жүрбөй жатат. Бул жерде көзөмөл органдарынын да кызыкчылыгы ойноп кетүүдө. ЕАЭБдин алкагында жалпы аткезчилик 1 млрд. долларды түзөт. Аткезчиликти толугу менен жокко чыгарса, Бажы кызматынан түшкөн каражатты 10 млрд. сомго көтөрүүгө болот», — дейт Маматалиев.

Ал ири коррупциядык схемалардын артында беделдүү адамдар турарын белгилейт.

«Аткезчиликти бир заматта токтотуу мүмкүн эмес, бирок алдыда чечилет. Аны менен күрөшүүдө өкмөт, тийиштүү органдар иш алып барышы керек», — дейт депутат.