Орусияда балдарга жөлөкпул берүү боюнча жаңы эрежелер күчүнө кирди. Бул тууралуу РИА Новости агенсттиги жазды.
Жаңы эреже боюнча биринчи жана экинчи балдарына жөлөкпул алуучу ата-энелер каттоодо турган жеринен гана эмес, өлкөнүн баардык шаарынан арыз жазып ала алышат.
Буга чейин жөлөкпулдар каттоодо турган жеринен гана төлөнгөн. Тиешелүү документке Орусиянын президенти Владимир Путин 1-майда кол койгон.
Жөлөкпул өткөн жылдын биринчи январынан баштап төрөлгөн балдарга берилмекчи. Ошол эле учурда үй-бүлөлөрдүн ар бир жанга кирешеси жергиликтүү бийлик белгилеген жашоо минимумунан 1,5 эседен ашпагандар ала алышат.