Марал Радиосу

Орусияда балдарга жөлөкпул берүү боюнча жаңы эрежелер күчүнө кирди

Орусияда балдарга жөлөкпул берүү боюнча жаңы эрежелер күчүнө кирди. Бул тууралуу РИА Новости агенсттиги жазды.

Жаңы эреже боюнча биринчи жана экинчи балдарына жөлөкпул алуучу ата-энелер каттоодо турган жеринен гана эмес, өлкөнүн баардык шаарынан арыз жазып ала алышат.

Буга чейин жөлөкпулдар каттоодо турган жеринен гана төлөнгөн.  Тиешелүү документке Орусиянын президенти Владимир Путин 1-майда кол койгон.

Жөлөкпул өткөн жылдын биринчи январынан баштап төрөлгөн балдарга берилмекчи. Ошол эле учурда үй-бүлөлөрдүн ар бир жанга кирешеси жергиликтүү бийлик белгилеген жашоо минимумунан 1,5 эседен ашпагандар ала алышат.