Марал Радиосу

Чыңгыз Айтматовдун аты Тюмень шаарындагы бир көчөгө берилди

Орусия мамлекетинин Тюмень шаарындагы бир көчөгө кылым залкары, кыргыздын дүйнөлүк алп жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун аты берилди. Бул тууралуу шаар жетекчилиги кабарлады.

Жазуучунун аты берилген көчө №8 Антипинский аймагында жайгашкан. Тюмень шаар жетекчилигине сунушту кыргыз диаспорасынын «Биримдик» уюму киргизген.

Эске салсак, Чыңгыз Айтматовдун ысымы Нур-Султан жана Екатеринбург шаарларындагы көчөлөргө да берилген. Ошондой эле, Белоруссиянын борбору Минск шаарындагы жана Түркиянын Гебзе шаарындагы сейил бактар жазуучунун ысымын алып жүрөт.