Марал Радиосу

Индиялык олигарх «Hamleys» дүкөндөрүн сатып алды

Индиянын эң бай адамы Мукеш Амбани Британиядагы оюнчук саткан «Hamleys» дүкөндөр тармагын сатып алды.

«Financial Times» басылмасынын маалыматына ылайык, дүкөндөр тармагы жалпы 88,5 млн. долларга бааланган.

1760-жылы Лондондо ишкер Уильям Хэмли тарабынан негизделген «Hamleys» дүйнөдөгү оюнчук саткан ири дүкөндөрдүн бири катары сыпатталат. Түйүн 18 өлкөдө 150дөн көп соода дүкөндөрүн өзүнө камтыйт.

Белгилей кетсек, Мукеш Амбанинин байлыгы 44,5 млрд. доллар.