Бүгүн, 11-майда Казакстандын президенттигине талапкерлер үгүт иштерин баштады.
Белгилей кетсек, катталган 9 талапкердин бири Талгат Ергалиев өз каалоосу менен баш тартканына, бири Жуматай Алиев эне тил сынагынан өтпөй калганына байланыштуу талапкерликтен четтетилген. Казакстан Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкү 7 талапкерге күбөлүк берген:
Сади-Бек-Түгөл
Амангелди Таспихов
Дания Еспаева
Касым-Жомарт Токаев
Төлеутай Ракымбетов
Жамбыл Ахметбеков
Амиржан Косанов
Үгүт иштери 7-июнга чейин уланат. Президенттикке кезексиз шайлоо 9-июнда өтөт.