Марал Радиосу

Согуш ардагерлерине кайсы өлкө канча жөлөкпул берди?

Жеңиштин 74 жылдыгын мурунку Советтер Союзуна кирген өлкөлөр белгилешти. Улуу Ата Мекендик согушта жеңиш алып келген ардагерлерге  кайсы өлкө кандай материалдык жардам бергени тууралуу маалыматты сунуштайбыз.

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 20 000 сом өлчөмүндө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө үчүн президенттин көмөкчү фондунан 7 миллион 91 миң сом бөлүндү.

Казакстанда бир жолу берилүүчү материалдык жардам аймактарга жараша айырмаланат. Эң көп 542 миң тенге (1425 доллар), ошондой эле, эң аз Костанай жана Жамбыл облустарында 150 миң теңгеден бөлүнгөн.

Өзбекстанда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жана инвалиддеринин ар бирине бир жолу берилүүчү 7,5 миллион сум (890 доллар) берилген.

Азербайжанда Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 74 жылдыгына карата согуштун ардагерлерине 1000 манаттан (586 доллар) бир жолку жөлөкпул катары берилген.

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында жашаган согуш ардагерлерине 1500 соманиден (159 доллар) берилген.

Орусияда согуштун ардагерлери ушул жылдан баштап жыл сайын Жеңиш күнү 10 миң рублдан (153 доллар) алышмакчы.

Украинадагы согуштун ардагерлери мамлекеттик бюджеттен 3850 гривен же 147 доллар алышты.