Марал Радиосу

Ооганстандагы жардыруудан 9 адам каза болду

Ооганстанда уда-удаа болгон эки жардыруудан улам 9 тургун каза болду. Анын төртөө жаш бала экени айтылууда. Бул тууралуу «Синьхуа» маалымат булагы билдирди.

Биринчи жардыруу Дайкунди аймагында катталып, анын кесепетинен 5 адам каза болуп, төртөө ооруканага жаткырылган.

Ал эми түндүк-батыштагы Фарьяб аймагында болгон жардыруудан 4 адам каза болуп, 5 өспүрүм ар түрдүү жаракат алганы айтылат. Ооганстан бийлиги бул окуя боюнча «Талибан» радикалдык кыймылын айыптоодо.