Марал Радиосу

Сергей Доренконун өлүмүнүн себеби аныкталды

Орусиялык журналист Сергей Доренконун эмнеден каза болгону аныкталды. Бул тууралуу соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы бүгүн чыкты.

Алардын чыгарган тыянагы боюнча, журналисттин өлүмүнө жол кырсыгы эмес, жүрөктүн иштешине тоскоолдук кылуучу суюктуктун үйүлүүсү (гемотампонада) себеп болгон.

Эске салсак, 59 жаштагы Орусиялык журналист Сергей Доренко кечээ, 9-майда мотоцикл айдап баратып, жыгылып түшүп каза болгон. Маркумдун сөөгү Троекуров көрүстөнүнө коюлат. Коштошуу күнү так айтыла элек.

Сергей Доренко 1959-жылдын 18-октябрында Керчи шаарында туулган. Эмгек Россия мамлекеттик телерадио компаниясында (Россия) жана Коомдук телерадио компаниясында (ОРТ) теле алып баруучулуктан баштаган. Андан соң «Эхо Москвы» радиосунда алып баруучу, «Орусия жаңылыктар кызматы» радиосунда башкы редактор болуп эмгектенген.

2014-жылдан бери «Москва сүйлөйт» радиосунун башкы редактору болчу.