Биз менен байланышыңыз

Үй-мүлкүн элге көрсөткөн Дамир Мусакеев Раим Матраимовго эстафета узатты

Кыска кабар | 10 мая 2019 | 1287 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеев өзүнүн жана ата-энесинин үй-жайын коомчулукка көрсөттү.

Анын турак жайы Бишкектин четиндеги Биримдик жаңы конушундагы бүтө элек үй болуп чыкты. Ал үй да ата-энесинин атында экенин айтты.

Журналисттерге үй-жайын ачык көрсөткөн Дамир Мусакеев эстафетаны Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимовго өткөрүп берерин айтты.

«Мына баары ачык. Коңшулардан да сурагыла. Эми мендей кылып, өзүнүн мүлктөрүн ачык көрсөтүүнү эл оозунда шайлоонун демөөрчүсү деп айтылып жүргөн Раим Матраимовго өткөрүп берсем дейм», — дейт ал.

Эске сала кетсек, 8-майда Башкы прокуратура интернетте «Мусакеевдин байлыгы» деп жарыяланган кыймылсыз мүлк 2010-2017-жылдары сатылып алынып, анын ата-энесине, тууганына катталганын, жалпы наркы 20 миллион сомдон ашарын билдирген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM