Биз менен байланышыңыз

Австралияда катасы бар 400 млн банкнот басылып чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 10 мая 2019 | 665 | 0

Австралиянын Резервдик банкы (RBA) 50 номиналдык австралия долларынын катасы бар 400 млн. банкнотун басып чыгарды. Бул тууралуу News.com. порталы жазып чыкты.

Катага жол бергендер мойнуна алышып, кийинки нускаларында оңдоого убада беришкен.

«Жоопкерчилик» (responsibilty ордуна responsibility) сөзүндөгү катаны Австралиялык катардагы жараны байкап, жергиликтүү радиого билдирген. Кийинчерээк катасы бар купюранын сүрөтүн радио социалдык тармактар аркылуу жарыялаган. Ката жазылган сөз банкноттун үч жеринде кайталанган.

Бул нуска 2018-жылдын октябрь айында чыгарылган. 400 млн. банкноттун 46 миллиону жүгүртүүгө чыгарылган.

Буга кеткен чыгым 2,3 млрд. австралия долларына жеткени айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM