Марал Радиосу

Чолпон-Атада Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына арналган ат чабыш болду (тизме)

Бүгүн, 9-майда Чолпон-Ата шаарынын ат майданында Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына жана Сүймөнкул Чокморов, Үсөн Кудайбергеновдун жаркын элесине арналган ат чабыш болуп өттү. Келген күлүктөр, жорголор сегиз топко бөлүнүп чабылды.

Адегенде кунандар кемеге байгеге (чукул аралыкка чабуу) чабылып, мында үч атка чейин байге сайылды. Анда Нарын районунан келген Турсуналы Мамбетаитовдун Сабрина аттуу күлүгү (саяпкери Керим Өмүралиев) биринчи келсе, Токтогул районунан келген Жеңишбек Батыркуловдун Булбулу (саяпкери Турус Жумалиев) экинчи келди. Ал эми Ысык-Көл районунан келген Андрей Тимоченконун Жылдыз аттуу күлүгү (саяпкери аттын ээси) үчүнчү болуп мара сызыгын кесип өттү.

Мындан тышкары, калган оюндарда жыйынтык төмөнкүдөй болду:

Кунан жорго:

1-байге — Латиф. Садовое айылынан келген, кунандын ээси: «Реал» жылкы заводу, саяпкери: Арген;
2-байге – Гүлдесте. (Барон-Мина) Новопакровка айылынан келген, аттын ээси: Ильшат Исмаилов, саяпкери: Сыймык Аламанов;
3-байге — Паулина (Оникс-Плаза), Сары-Дөбө айылынан келген, аттын ээси: Курманбек Убайдулдаев, саяпкери: Юруслан Уркасымов;
4-байге — Платон. Арал айылынан келген, аттын ээси: Элбек Курманалиев, саяпкери: Канат Жакыпов;
5-байге — Гаврош. Талас районунан келген, аттын ээси жана саяпкери: Марс Үсөналиев;

Кунан чабыш:

1-байге — Жылдыз. Бишкек шаарынан келген, аттын ээси: Нурдин Абдразаков, саяпкери: Эрлан Кубанычбеков;
2-байге — Хансулуу. Чолпон-Ата шаарынан келген, аттын ээси: «Асанбек Ата» жылкы заводу, саяпкери: Жеңишбек Батыркулов;
3-байге — Ханыша. Сокулук районунан келген, аттын ээси: Асылбек Кадыркулов, саяпкери: Асыл;
4-байге. Айсултан. Кара-Балта шаарынан келген, аттын ээси: Замир Шабданов, саяпкери: Адилет Чоноев;
5-байге. Фаворит. Талас районунан келген, аттын ээси: Болот Осмонов, саяпкери Санжар;

Бышты жорго:

1-байге — Шкода. Беловодское айылынан келген,  аттын ээси: Владимир Олейников, саяпкери: Мыктыбек Шерматов;
2-байге — Келечек. аттын ээси: Кайым Аманов, саяпкери: Александр Федоров;
3-байге — Пансарт. Жети-Өгүз районунан келген, аттын ээси жана саяпкери: Дамир Акунов;
4-байге — Пальба. Тоң районунан келген, аттын ээси: Илгиз Жумалиев, саяпкери: Жаныбек Токмергенов;
5-байге — Чайка. Бостери айылынан келген, аттын ээси жана саяпкери: Турсунбек Адамалиев;

Топ байге:

1-байге — Арменец. Чүйдөн келген, аттын ээси: Рустам Акматов, саяпкери: Мирлан Батыркулов;
2-байге — Фонтан. Тоң районунан келген, аттын ээси: Арстанбек Акунов, саяпкери: Калыс;
3-байге — Лидер. Бактуу-Долоноту айылынан келген, аттын ээси жана саяпкери: Азат Абдыгулов;

Кемеге байге (чукул аралыкка чабуу, чоң күлүктөр үчүн):

1-байге — Метиор. Чолпон-Ата шаарынан келген, аттын ээси: Ильшат Салимов, саяпкери: Таалай Бурганаков;
2-байге — Апрокалис. Бактуу-Долоноту айылынан келген, аттын ээси: «Кулагер» ат спорттук комплекси, саяпкери: Андрей Тимченко;
3-байге — Мангуст. Чолпон-Ата шаарынан келген, аттын ээси: Ильшат Салимов, саяпкери: Таалай Бурганаков;

Жорго салдырыш:

1-байге — Кабылан. Чолпон-Ата шаарынан келген, аттын ээси: «Асанбек Ата» жылкы заводу, саяпкери: Жеңишбек Батыркулов;
2-байге — Липучи. Бишкек шаарынан келген, аттын ээси: Эмилбек Суракматов, саяпкери: Жоомарт;
3-байге — Гладиатор. Жети-Өгүз районунан келген, аттын ээси: Элдияр Шекеев, саяпкери: Константин;
4-байге — Бакай. Миң-Булак айылынан келген, аттын ээси: Жыргал Жумадылов, саяпкери: Ардак Жыргал уулу;
5-байге — Победа. Бостери айылынан келген, аттын ээси жана саяпкери: Камчыбек Алгазиев;

Аламан байге:

1-байге — Көкбайтал. Нарын районунан келген, аттын ээси: Турсуналы Мамбетаитов, саяпкери: Керим Өмүралиев;
2-байге — Эркемээрим (Тулпар). Сокулук районунан келген, аттын ээси: Каныбек Бегалиев, саяпкери: Төрөгелди Жаныбек уулу;
3-байге — Арчатору. Жалал-Абад облусунан келген, аттын ээси: Керимбек Муктаров, саяпкери: Эдил Дүрбөлөң уулу;
4-байге — Айтумар. Бишкек шаарынан келген, аттын ээси: Дөөлөт Ашымбаев, саяпкери: Балбай;
5-байге — Лиловый. Бактуу-Долоноту айылынан келген, аттын ээси: «Кулагер» ат спорттук комплекси, саяпкери: Алмаз Мукамбетов;

Exit mobile version