Марал Радиосу

Көк-бөрү: «Достук» Улуу Жеңиш күнүнө арналган мелдештин чемпиону

Оштун «Достук» командасы Улуу Жеңиштин урматына арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдештин жогорку лигасында чемпион болду.

Алар финалдык беттеште эзелки атаандашы, Талас облусунун «Ынтымак» командасын 1:0 эсебинде утуп алды.

Беттеште «Достуктун» капитаны Таши Майлибашев беттештин үчүнчү бөлүгүнүн 10-мүнөтүндө тайказанга улак таштап, эсепти ачты. Бул эсеп беттештин аягына чейин сакталды. Ал эми Улуу Жеңиштин урматына арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдештин жогорку лигасында үчүнчү орунду Чүйдүн «Сары-Өзөн» командасы ээлеген.

«Достук» командасы «Ынтымак» командасы менен өткөн жылы да финалга чыгып, оштук команда 3:2 эсебинде утуп алган болчу.

Биринчи орунду камсыздап, чемпион болгон «Достук» командасына 500 миң сом, экинчи орунду ээлеген «Ынтымак» командасына 250миң сом, ал эми үчүнчү орунду камсыздаган «Сары-Өзөн» командасына 120 миң сом акчалай байге берилди.

Мындан сырткары мыкты көк-бөрүчү жана мыкты ат аныкталып, акчалай сыйлыктар берилди.

Эске сала кетсек, быйыл Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда 9-май Улуу Жеңиш күнүнө жана кыргыздын белгилүү инсандары Сүймөнкул Чокморов менен Үсөн Кудайбергеновдун элесине арналган ат оюндарынын алкагында Көк-бөрү боюнча биринчи жана жогорку лигадагы командалардын республикалык мелдеши өттү.