Марал Радиосу

Бексултан Махмудов Өзбекстанда эл аралык мелдеште жеңүүчү болду

Кыргызстандык балбан Бексултан Махмудов Өзбекстандын Бухара облусунда өткөн эл аралык мелдеште чемпион болуп кайтты. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.

Өзбекстандын Бухара облусунда Жамшид Хафизовдун элесине арналып грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өттү. Аталган мелдеште Азия өлкөлөрүнөн сырткары Орусия, Индия өлкөлөрүнөн келген балбандар күч сынашты.

Грек-рим күрөшүнөн балбаныбыз Бексултан Махмудов 130 кило салмакта күч сынашып, бардык атаандаштырын жеңип, чемпион болгон.