Марал Радиосу

Нурсултан Назарбаев Москвадагы парадга катышууда

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Москванын Кызыл аянтында өтүп жаткан Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдыгына арналган эскерүү парадына катышууда. Бул тууралуу Нурсултан Назарбаевдин маалымат катчысы Айдос Укибай билдирген.

Москвада Нурсултан Назарбаев Орусиянын президенти Владимир Путин жана премьер-министри Дмитрий Медведев менен башкы трибунага чогуу чыккан.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Казакстанда күтүүсүздөн бир канча көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын бөгөттөлүп, интернет сайттары ачылбай жатат.