Марал Радиосу

Тажикстан: Салык кызматкерлери пара албашы үчүн турак-жай жана акча менен камсыздалат

Тажикстанда салык кызматкерлери пара албасын деген максатта, аларды финансылык жактан толук камсыз кылышат. Мындай маалыматты аталган ведомствонун сайты маалымдады.

Жемкорлук менен күрөшүүнүн алкагында, салык органынын кызматкерлерине социалдык жактан колдоо көрсөтүлөт. Батир, курулуш үчүн жер участогу, андан сырткары финансы жагынан да жардам берилери айтылган.

«Мындай кадам мамлекеттик кызматкерлердин ишин жакшыртып, коррупциянын алдын алат», — деп белгилейт салык ведомствосу.