Марал Радиосу

Президент Сооронбай Жээнбеков «Өчпөс отко» гүл койду

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков «Жеңиш» аянтында 9-май Улуу Жеңиш күнүнө арналган митинг-реквиемге катышууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон жогорку мамлекеттик жетекчилик Өчпөс отко гүл койду.

Өлкө башчысын Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы, генерал-майор Райымберди Дүйшөмбиев жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов коштоп жүрөт.