Марал Радиосу

Экс-президент Атамбаев жубайы менен «Өлбөс полкко» катышууда (сүрөт)

Экс-президент Алмазбек Атамбаев да «Өлбөс полк» жүрүшүнө катышууда. Анын сүрөтүн КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева социалдык тармакка жарыялады. Сүрөттөрдөн көрүнүп тургандай, мурдагы мамлекет башчысы жубайы Раиса Атамбаева менен бирге атасы Шаршен Атамбаевдин сүрөтүн көтөрүп чыккан.