Марал Радиосу

Кыргызстандык окуучу эл аралык олимпиадада коло медаль алды

Jpeg

Кыргызстандык окуучу  Менделеевдин химиясы боюнча LIII эл аралык олимпиадада коло медаль тагынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, олимпиада Санкт-Петербург шаарында болуп өттү.  Ага Азербайжан, Армения, Белоруссия, Болгария, Грузия, Индия, Израиль, Иран, Ирак, Казакстан, Кыргызстан, Кытай сыяктуу 30 өлкөдөн келген жаш химиктер катышкан.

Кыргызстандын мектептеринен беш окуучу: Бишкек шаарындагы № 9 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Мирхад Чекирбаев, Ысык-Көл облусундагы Х. Карасаев атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу Нурсултан Соодонбеков, Кызыл-Кыя шаарындагы И.Раззаков атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу Эльмар Зикиров, ушул эле лицейдин 10-классынын окуучусу Камиль Токтобеков, Бишкек шаарындагы № 61 Е. Якир атындагы физика-математикалык мектеп-лицейдин 11-классынын окуучусу Бакай Шеитов барган.

Мирхад Чекирбаев коло медалга ээ болду, ал эми калган төрт окуучу катышкандыгы тууралуу күбөлүк алышты.