Марал Радиосу

Разаков Талас облусундагы согуштун ардагерлеринен кабар алды

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Талас облусундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жеңиш Разаков Афанасия Щербованын, Николай Золиндин, Далгатбек Султановдун, Владимир Некрытовдун жана Шаабай Шатмановдун үйлөрүнө барып, акыбалын сурап кайтты.

Вице-премьер-министр өкмөттүн атынан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ыраазычылык билдирди жана алардын баатырдыгы жана эрдиги өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү экендигин баса белгиледи. Мындан тышкары, материалдык жардам жана эстелик белектерди тапшырды.