Марал Радиосу

9-майда өтүүчү салтанатты дрон менен тартууга тыюу салынды

9-май Жеңиш майрамынын урматына өтүүчү «Өлбөс полктун» жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков баштаган катышуучуларды дрон менен сүрөткө же тасмага тартууга тыюу салынды. Мындай кабарды Бишкек мэриясынан билдирди.

Маалымат ылайык, иш-чарада өлкө башчысын анын жеке фото сүрөтчүсү жана оператору тартат. Ал эми Коомдук телерадиоберүү корпорациясы түз алып көрсөтөт.

Кошумчалай кетсек, мэрия мындай чечимди президенттик аппараттын сунушу менен кабыл алганын айтат.