Марал Радиосу

Бердымухамедов «Miras» телерадиоканалынын жетекчисин иштен алды

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов улуттук «Miras» телеканалынын жетекчиси Бяшим Атаевди жумуштагы кетирген олуттуу кемчиликтеринен улам кызматынан бошотту.

Телеканалдын башкы редактору Кувватберди Хеззиев убактылуу жетекчи болуп дайындалды.

Буга чейин радио, телевидение жана киноматография боюнча улуттук комитетинин төрагасы Нурмаммет Гарлыевге жумуштагы мүчүлүштүктөрү жана телерадиоканалдарды текшерүүдөгү аксоолорунан улам катуу сөгүш жарыяланган. Бул эскертүү акыркы жолкусу экени белгиленген.

Белгилей кетсек, дүйнөлүк эсеп менен алганда Түркмөнстан сөз эркиндиги боюнча эң артта, тактап айтканда 180-орунда калып келет.