Марал Радиосу

Электр тармагындагы коррупцияны жойгондо гана, тарифин көтөрсө болот

Мурдагы Премьер-министр Сапар Исаков соңку жылуулук кризисин жөнгө салуу үчүн электр энергиясына жана жылуулукка болгон тарифти көтөрүү зарылдыгын айтып чыккан. Себеби, аталган тармак карызга батып, мындан да жаман абалга кептелиши мүмкүн экенин эскерткен. Электр энергиясынын тарифи тууралуу сүйлөшүүлөр 2019-жылда жүрүп, ал келишимдер 2023-жылга чейин сакталат. Келишимдин мөөнөтү жакындаган сайын, «Электр энергиясынын баасы көтөрүлөбү? Же ошол эле баа сакталып калабы?» — деген суроо пайда болот.

Кыргызстанда электр энергиясынын баасын көтөрүү боюнча буга чейинки да маалыматтарда айтылып келген. Андан түшкөн акчага ар кандай керектүү каражаттар алынып, электр тармагы жаңыртылмак.

«Түндүкэлектр» ишканасынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү, укук коргоочу Сапарбек Аргынбаевдин пикиринде, электр энергиясынын баасын көтөрүүдөн майнап чыкпайт. «Себеби, бул тармактагы тамырлап кеткен коррупцияны таптаза жойгондо гана, тарифтик планды жогорулатып, элге таза иш алып барууга мүмкүнчүлүктөр ачылат», — дейт Аргынбаев.

— Булар азыр тарифти көтөрө алышпайт. Себеби, элдин ишеничинен кетишкен да. Качан гана элдин үмүтүн актаганда, ишенимин ойгото алганда гана электр энергиясынын баасын көтөрүүнү ойлонушса болот. Эң алгач бул тармакты байырлап алган коррупцияны жоюу керек. Андан соң, ушул ишке тиешеси бар аткаминерлердин айыбын ачып, күнөөлүүлөрдү жазага тартуу кажет. Жеген акчалары кайра мамлекетке өткөрүлсө, түшкөн каражатка ар кандай керектелүүчү жабдыктарды алууга чоң себеп табылат.

Ушундай эле пикирди энергетика боюнча серепчи Расул Үмбөталиев да колдоп, «Мыйзамсыз иш алып барып жаткан энергетика тармагындагы компанияларды жазага тартуу керек», — деп эсептейт. Алардан түшкөн акчаны электр түйүндөрүн жабдууга жумшап, эскирген тетиктерди сатып алса болот. Ошондой эле, коррупциялык иштерге катуу талап коюлса, келечекте өлкөдө баа боюнча көйгөй көтөрүлбөй турганын ырастайт.

— Өзүлөрү жегенин жеп алып, кайра эле элдин акчасын соргонго өтүшөт. Чогулган каражаттын планын чыгара албай калганда эле, электр энергиясынын тарифин жогорулатуу маселеси чыгып калат. Калк макул болуп, электр акысын көбөйтүлгөн баа менен төлөөдөн эч кандай майнап чыкпайт. Себеби, элден чогулган акчага керектүү каражаттар, жаңы жабдыктар алынары күмөн.

Электр энергиясынын тарифин көтөрүү эң алгач өкмөттө көтөрүлүп, сөзсүз түрдө коомдун пикири эске алынат. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Абдимуктар Маматов билдирди. Эл өкүлү буга чейин электр энергиясын көтөрүүнүн айынан калктын көтөрүлүшкө чыкканын эске салып, Жогорку Кеңеште бул маселе оңунан эле чечилсе керек деген ойдо.

— Электр энергиясынын тарифин көтөрүүгө негиз бар. Себеби, бизде электр запасы аз. Бирок бүгүн же эртең эле көтөрүлө калат дегенден алысмын. Дегеним, эң алгач парламентте көтөрүлүп, талкууланышы керек. Элдин ою да өтө маанилүү. Ушул маселенин айынан 2010-жылы апрель окуясы болгон. Сүйлөшүүлөр жүрүп, келишимдер түзүлгөндө гана көтөрүүгө болот.

Ал эми Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу агенттигинин басма сөз катчысы Айнура Касымова азырынча электр энергиясынын тарифин көтөрүү тууралуу маселе жарала электигин айтты. Бирок алдыңкы беш жылга тарифтик баа жөнүндө сүйлөшүүлөр эми гана башталганын, ошондой эле, тармакка жетишпеген, зарыл болгон жабдуулар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады Касымова.

-Бүгүнкү күндө, электр энергиясы кандай жаңы каржаттарга муктаж? Алардын абалы кандай? Бул багытта изилдөө иштери жүрүп жатат. 2019-жылы беш жылдык жаңы электр энергиясынын саясаты түзүлөт. Ошондо «Тарифтин баасы көтөрүлөбү? Же ошол эле бойдон калабы?» — деген суроо чечилет. Бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө, өлкөдө электр энергиясын жети ГЭС жана эки Жылуулук электр борбору берет. Булардын ичинен ГЭСтер 3030 МВт кубаттуулуктагы энергияны өндүрсө, Бишкек жана Ош жылуулук борборлору кубаттуулугу 710 МВттын тегерегиндеги электр жарыгын чыгарат.

Exit mobile version