Марал Радиосу

Дудук балдарга ыдык көрсөткөн жаран камакка алынды

Алай районунун аймагында дудук балдарга жасалган бейбаштык боюнча айыптуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Алай районунун Кең-Жылга айылынын тургундары дудук балдарды бала уурдоо боюнча күнөөлөшүп, ыдык көрсөтүп жатканы тууралуу видео интернет тармактарында кызуу талкууга алынган.  Жогорудагы окуя боюнча 3-майда майып балдардын ата-энелери Ош облустук ИИБне арыз менен кайрылышкан. Алардын арызы катоого алынып, Алай райондук Ички иштер бөлүмүнө жиберилген.

Иш 4-майда Алай райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-Жаза кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүмү менен Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Алай районунун Тогуз-Булак айылынын тургундары күбө катары суралып, алардын арасынан 1982-жылы туулган Алай районунун Кен-Жылга айылынын тургуну, 3 баланын атасы, эч жерде иштебеген, мурда соттолбогон, К. Ж. К. Кыргыз Республикасынын Жазык процессуалдык Кодексинин 98-беренесинин негизинде шектүү катары Алай райондук Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери улантылууда