Марал Радиосу

Ысык-Көл: Дары чөптөр экономикага эң мыкты салым кошот

Ысык-Көлдүн тургундары буга чейин айыл чарбадан киреше таап келген. Эми дары чөптөр аркылуу пайда табуунун аракетине өтүштү. Бул боюнча Ак-Суу районундагы «Арашан» кооперативи өз ишин чет элдик тажрыйбанын негизинде баштады.

— Азыркы тапта картошканын баасы түшүп кетти. Ойлонуп көрүп, мышык тамыр (валериана) айдап көрүүнү чечтик. Анын бир килосу 50 сом болот экен. Ошондо беш сотых жерге айдасак, күзүндө орто эсеп менен 55 миӊ сом табабыз. Кирешеси да, элге тийгизген пайдасы да жакшы болчудай.

Жергиликтүү тургун Бермет Касымова билдиргендей, облуста дары чөптөр менен агро экономиканы көтөрүүгө аракеттер башталды. Себеби, айыл чарба кооперативдери дары өсүмдүктөрдү өстүрүүнү кайрадан колго алууда. Анын катарында Ак-Суу районундагы «Арашан» кооперативи да 60ка жакын ишкердин башын бириктирип, 136 гектар жерге мышык тамыр, мамыры, жалбыз, чай чөп сыяктуу көптөгөн дары өсүмдүктөрдү өстүрүп келүүдө. Эми өлкөдөгү фармацевтикалык компаниялар менен эле чектелбей, экспортко жол ачуу керектигин кооперативдин жетекчиси Камчыбек Үмөталиев билдирди.

— Башка жерлерден Ысык-Көл дары-дармек өсүмдүктөрүнүн сапаты, экологиялык тазалыгы менен айырмаланат. «Арашан» айыл чарба кооперативинин максаты: келечекте аймактагы дары чөптөрдү өстүргөн адамдардын башын бириктирип, алардын көйгөйүн чечүү. Азыркы күндө 106 өсүмдүктүн түрүн чогултуп, республикадагы фармацевтикалык компаниялардан дары жасалып, дарыканаларда сатылууда. Эми алдыда сырткы рынокко да алып чыгуу планыбыз бар.

Айтмакчы, ушул кезге чейин өндүрүмдөрдү алыскы жана жакынкы коӊшу мамлекеттерге экспортко чыгаруу түйшүк жаратып келген. Себеби, дары чөптөрдү кургатуу технологиясы чет элдик талаптарга дал келчү эмес. Андыктан, ишкерлер БУУнун «ЮНИДО» долбоорунун алкагында чет элден тажрыйба топтоп, техникалык жардам алмай болушту.

— Долбоордун негизги максаты жергиликтүү калктын экономикалык, социалдык абалын туруктуу өнүктүрүүгө багытталат. Анын алкагында бизге мүчө болгон ишкерлерди чет мамлекеттерге алып барып, агрономдук тармак боюнча атайын окутуулардан өткөрдүк. Акыркы жолу Словения мамлекетине барганда, ишкерлер бир топ тажрыйба топтошту. Эми муну менен тим болбой, техникалык жардам көрсөтүү алдында турабыз, — деди долбордун класстерди өнүктүрүү боюнча адиси Асел Серкебаева. 

Бул саамалыкты тоо туризмин өнүктүрүү багытына да колдонууга кам көрүлүүдө. Мунун алкагында дары чөптөрдүн курамы, пайдасы тууралуу чеберчилик сабактарды камтыган бир нече фестиваль уюштурулат. Мындай аракет Кыргызстандын өндүрүмүн жарнамалоого да чоӊ жардам болорун фармацевттер кабарлайт.

— Бизде өскөн дары чөптөрдүн сапаты башка жерге салыштырмалуу алдаганча жогору. Анткени, экологиялык жактан таза, анан күчтүү келет. Албетте, бул иштерди өнүктүрүү үчүн инвестор жана жарнама керек.

— Өндүрүмдөрдү өнүктүрүү керек. Маселен, бир эле кайра иштетүү тармагында бир нече жумушчу орун түзүлүп, өлкөнүн экономикасына да чоң салым кошмок. Ошол эле учурда сырттан келген туристтерди кызыктыруу аркылуу экспортко жол ачсак болот.

— СССР учурунда «Арашан» айыл чарба кооперативи дары чөптөр боюнча абдан чоӊ иштерди алып барчу. Унутта калып бараткан иштин кайрадан колго алынышы жакшы жышаан.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл аймагында дары чөптүн 100дөн ашуун түрү бар. Анын ичинен 70-80 түрү табигый шартта өссө, 20га жакын түрү фермерлер тарабынан өстүрүлөт.

Exit mobile version