Марал Радиосу

Согушта дайынсыз жоголгон 1881 кыргызстандык табылды

Улуу Ата Мекендик согушка катышкан 56 миң жоокер дайынсыз жоголгон. 10 жылдан бери «Эрдик-Подвиг» уюму 1881 жоокердин кайсы жерде курман болгондугун, сөөгү кайда коюлганын тактаган. Бирок такталганы менен жакындарынын барып, кабырын көрүп келүүсү үчүн каражат маселеси чечилбей келет. Бул боюнча буга чейин мыйзам долбоору сунушталып, экинчи окуудан өтпөй калган.

70тен өтүп калган Аскарбек Искенов ушул күнгө чейин атасынын дайынын издеп келген. Анткени, Искен Турдукулов 1944-жылы согушка кеткенде, Аскарбек энесинин курсагында калган. Атасы ошол бойдон дарексиз жок болгон. Өмүр бою издеп жүрүп, өткөн жылы «Эрдик-Подвиг» коомдук уюмунун көмөгү менен кабырын тапканын кубанып айтып берди.

— Мен атамдын дайынын өмүр бою издедим. Акыры өткөн жылы «Эрдик-Подвиг» уюмунун жардамы аркылуу таптым. Атам согушка кеткенде, мен апамдын боюнда калган экем. Апам каза болгондон кийин жалгыз калдым. Атамдын сөөгү коюлган жерди тапсам деп, издештирип жүрчү элем. Дайынын билгенден кийин пенсиямды чогултуп, коңшу-колоңдун жардамы менен барып келдим.

Ал эми Атыргүл Жаркынбаева быйыл агасынын кабырын көрүп келүү үчүн Белоруссияга камынып жатат. Аларга да «Эрдик-Подвиг» уюму жардам берген. Бирок, июль айында боло турган иш-чарага жетишип калуу үчүн каражат маселеси чечилбей турат. Атыргүл Жаркынбаева каражат жагынан жардам берүүсүн өтүнүп, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылган.

— Агамдын согушта каза болгондугу тууралуу кара кагаз келген. Бирок, сөөгүнүн кайда коюлганын таба албай жүрдүк. Атам да: «Уулумдун дайынын билсем», — деп жүрүп өтүп кетти. Ушул жылы «Эрдик-Подвиг» уюмуна кайрылып жатып, Белоруссиянын тизмесинде бар экенин билдик. Эми июлда атайын иш-чара болот экен. Ошол жакка камданып жатабыз. Бирок, каражатым жетпегенине байланыштуу, депутаттарга кайрылууга аргасыз болдум.

10 жылдан бери жоголгон жоокерлердин дайынын табууга жардам берип келген «Эрдик-Подвиг» коомдук уюмунун жетекчиси Каныбек Мырзакановдун айтымында, быйыл да 3 кишинин дайыны табылып, жакындары 9-майга карата жөнөп кетишти.

— Быйыл 3 үй-бүлө жөнөп кетти. Алардын бири белгилүү жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, экинчиси Жукеновдордун үй-бүлөсү. Булар Новгород облусунан кетишти. Андан кийин Мукаш Акматовдун жакындары да кайрылган. Ал кишинин да дайынын билдик. Туугандары учуп кетти.

Аскерлердин дайыны такталганы менен алардын жакындарынын баары эле барып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Ошондуктан, сөөгү табылган аскерлердин жакындары ошол жерге барып, кабырын көрүп келүүсү үчүн мамлекеттен колдоо көрсөтүү максатында мыйзам долбоору сунушталган. Бирок бюджеттин тартыштыгы себеп катары көрсөтүлүп, долбоор экинчи окуудан өтпөй калган. Мыйзам долбоорунун демилгечиси, мурдагы депутат Аида Салянова мыйзам негизсиз өтпөй калган деп, буларга токтолду:

— Өкмөт бул мыйзам долбоору сунушталганда 56 миң кишиге жараша эсептеп алган. Анүчүн 28 млрд. сом керек болот экен деп өткөрбөй коюшкан. Бирок ал 56 миң кишинин баарынын дайыны такталган эмес да. Жадагалса, талкуу учурунда 12 гана киши кайрылганын өкмөт өзү билдирген. Мейли 12 болсун, 100 болсун, бирок 56 миң эмес да. Баары табыла элек. Анан калса бул мыйзам өтүшү керек болчу. Анткени, биз туристтердин жакындары барып көрүп келсин деген жокпуз. Согуштун баатырларын айтып жатабыз. Биз ошолор эрдик көрсөткөнү үчүн бүгүн жашап келебиз.

Маалыматка ылайык, Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңдей жоокер катышкан. 90 миңден ашык жоокердин жакындарына кара кагаз келген. Ал эми 56 миңдейи дайынсыз жоголгон.

Exit mobile version