Марал Радиосу

Токмокто балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн колдоо борбору ачылды

Токмок шаарында жетим балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн колдоо борбору ачылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Борбордун расмий ачылышына Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова да катышты.

Улуттук Кызыл Ай Коомунун демилгеси менен ачылган борбор 15 адамга ылайыкташып, жетим балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө убактылуу турак жай катары жардам көрсөтөт. 

Exit mobile version