Марал Радиосу

Суталинов апрель окуясындагы күнөөсү үчүн кечирим сурады

Абактан бошотулган УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталинов Кыргызстандан эч жакка чыкпай, дарылануусун үйүндө улантарын билдирди. Бул тууралуу ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Ал сот залынан чыгар замат жакындары менен учураша электе эле журналисттер тороп алышты.

Генерал журналисттердин суроолоруна жооп берип, бүгүн чыгарын ойлобогонун айтты.

2010-жылдагы 7-апрель окуясындагы өзүнүн моралдык күнөөсүн сезгенин, ошол трагедияларды токтотконго күчү жетпегени үчүн элден кечирим сурады.

Exit mobile version