Марал Радиосу

Кундуз Жолдубаева: Коомчулук «Маралды» калыс радио катары тааныйт

Коомчулук «Марал» радиосун тең салмактуулукту сактаган бирден бир радио катары тааныйт. Мындай баасын КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева берди. Ал радио күнүнө карата «Маралдын» «Күн чабыт» программасын алып барды.

— Радионун түз эфирине биринчи жолу чыктым. Толкундандым. Уктуруу башталганда, өзүмдү эркин сезип калдым. Радиоңуздарды калыс чагылдырган жалпыга маалымдоо каражаты катары тааныйбыз.

Эскерте кетсек, 7-май – радио күнүнө карата «Марал» радиосунда атайын уктуруулар болуп, анда саясатчылар, депутаттар, өкмөттүн өкүлдөрү жана таанымал инсандар эфир алып барышууда.