Марал Радиосу

Кыргыз-түрк аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бүгүн, 6-майда Түркиянын Улуттук коргонуу министри Хулуси Акар менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөлөрдөгү кызматташуунун келечеги, аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Атап айтканда, тараптар коргонуу чөйрөсүндө мурда түзүлгөн эки тараптуу келишимдердин алкагында жетишилген сүйлөшүүлөрдү ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.