Марал Радиосу

Бишкекте дагы 9 көчөнүн кесилишинде видеокамералар иштей баштайт

«Коопсуз шаар» долбоорунун негизинде Бишкектин дагы тогуз көчөсүнүн кесилишинде 7-майдан баштап видеокөзөмөл иштеп баштайт. Бул тууралуу Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Жаңы камералар төмөнкү көчөлөрдүн кесилиштерине орнотулат:

Бөкөнбаев көчөсү – Манас проспекти;

Чүй проспекти – Манас проспекти;

Чүй проспекти – Павлов көчөсү;

Жибек Жолу проспекти – Манас проспекти;

Махатма Ганди проспекти – Боталиев көчөсү;

Жибек Жолу проспекти – Курманжан датка көчөсү;

Ахунбаев көчөсү – Байтик баатыр көчөсү;

Чүй проспекти – Абдрахманов көчөсү;

Байтик баатыр көчөсү – Горький көчөсү;

Долбоордун биринчи баскычында 110 көзөмөл камера-комплекстери орнотулуп бүтмөкчү. Борбор калаада 42, ошондой эле Чүй облусунун чоң жолдорунда 48 видеокамера жана 20 көчмө аппарат орнотулган.

Exit mobile version