Ысык-Көл облусунда очогундагы күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Зилзала кечээ болгонун Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту бүгүн билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Ак-Шыйрак айылына жакын жерде катталган.
Жер титирөөнүн күчү Ак-Шыйрак айылында 4,5 баллга, Ыштык айылында 3,5 баллга, Кургак, Эңгилчек айылдарында 3 баллга, Май-Саз, Койлуу, Таш-Короо, Кара-Сай айылдарында 2,5 баллга жеткен.