Марал Радиосу

«Манас» аэропортунун 44 жылдыгы белгиленди

Өлкөнүн башкы учак жайы эл аралык «Манас» аэропорту бүгүн өзүнүн 44 жылдыгын белгиледи. Салтанат жүргүнчүлөр жана коноктордун катышуусунда өткөрүлдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Аба майдандын аэробекетинде кызматкерлер чакан-флешмоб уюштуруп, саксофончу Азиз Гапаров музыка ойноду.

Аземдин алып баруучусу Самат Божоков катышуучулар арасында кызыктуу оюндарды уюштуруп, жеңүүчүлөргө аэропорттун өздүк белектери берилди.

Эске сала кетсек, мындан толук 44 жыл мурда 1975-жылы 4-майда Москва-Бишкек багыты боюнча биринчи каттам ишке кирген.

Дал ушул күн өлкөнүн башкы аба майданынын күнү катары эсептелип келет.