Марал Радиосу

Миллиардер Баффет Amazonдун акцияларын сатып алууну чечти

Уоррен Баффетт (№3) владеет $50 млрд.

CNBC телеканалына берген маегинде миллиардер Уоррен Баффет Amazonдун акцияларын сатып аларын айтты. Ал буга чейин сатып алуудан баш тартып жүргөнү үчүн өзүн «келесоо» деп атаган.

Маектешүү учурунда Баффет Amazon интернет-компаниясынын акциялары Berkshire Hathaway компаниясына өткөнүн билдирди. Андан сырткары, миллиардер мурда эле бул компанияга кызыгып, бирок, эч негизсиз эле сатып албай жүргөнүн кошумчалаган.

Учурда Баффеттин компаниясына акциялардын канча пайызы өткөнү белгисиз.

Буга чейин, Цукерберг Баффетти ашып өтүп, дүйнөлүк байлардын үчтүгүнө кошулганы айтылган.