Марал Радиосу

Түштүк Африка: Шахтада камалып калгандар куткарылды

Түштүк Африканын Рюстенбург шаарындагы платина казуучу шахтага 30-апрель күнү камалып калган 1 800 кызматкер куткарылды. Бул тууралуу тоо-кен казуучу Sibanye компаниясы кабарлады.

Аталган күнү шахтадагы белгисиз кырсыктан улам, негизги өткөөл жабылып, жумушчу топ жер астында камалып калган. Куткаруучулар жумушчуларды жер астынан чыгаруу үчүн шахтадагы кошумча өткөөлдү пайдаланышкан. Компания өкүлүнүн айтымында, жер астында суу жетиштүү болгондуктан, жабыркагандар болгон эмес.

Учурда кырсыктын себептери изилденүүдө.