Марал Радиосу

«Курал жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

«Курал жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 20-мартында кабыл алынган.

Аталган мыйзам «Лицензиялык-уруксат берүү тутуму тууралуу» мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан, ошондой эле, «жарандардын курал-жарак жана ок-дарыларды төлөмсүз жана төлөө түрүндө тапшыруусун жөнгө салуу» бөлүгүндөгү кемчиликтерди толтурууга багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.