Сахалиндин Томар районунда 6 турак үйдөн жана 2 чарба үйүнөн өрт чыккан. Аны өчүрүүгө Ми-8 вертолёту жөнөтүлгөн. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.
«Красногорск айылында 6 турак үй жана 2 чарба үй өрттөнгөн. Өрткө жакын кошуна үйлөрдүн жашоочулары эвакуацияланды«,- деп жазат кабарчы.
Маалыматка ылайык, убактылуу турак жайга 19 адам жеткирилген. Учурда 26 кызматкер жана 6 техника өрт өчүрүү менен күрөшүүдө.