Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов аргымак тууралуу рэп ырдап чыкты. Бул тууралуу түркмөнстандык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
27-28 апрелде Түркмөнстанда Ахалтекин аргымагынын улуттук майрамын белгилешти. Анда чыгарманы президент Бердымухамедов небереси менен бирге аткарган. Түркмөн башчынын рэпи анын сүйүктүү аргымагы Ровач тууралуу болгон.